Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-сентябры № 629
Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 332 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 токтому менен бекитилген 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын өз убагында аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирдикте:
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө топтомо маалыматты берип турсун:
- Иш-чаралар планын ишке ашырууда пайда болгон проблемалар жөнүндө маалыматты өз убагында берип турсун жана аларды чечүү боюнча тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
|
Ж. Сатыбалдиев |
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 332 токтомунун редакциясына ылайык)
┌──┬───────────────────────────┬─────────────────┬────────────────────┐
│№ │ Иш-чаралардын мазмуну │ Ишке ашыруу │Жооптуу аткаруучулар│
│ │ │мөөнөтү жана түрү│ │
├──┼───────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤
│1 │Казыналыктын │2013-жылдын │Финмин │
│ │автоматташтырылган │31-декабрына │Соцфонд │
│ │системасын (ИСУК) │чейин, │ │
│ │программалык камсыздоону │практикалык │ │
│ │киргизүүнү пландоонун │иш-аракет │ │
│ │алкагында Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Социалдык │ │ │