Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-сентябры № 656
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 526, 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 565, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 19-мартындагы № 123, 2025-жылдын 20-октябрындагы № 685, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 789, 2025-жылдын 22-декабрындагы № 817, 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 233, 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилсин:
- (Экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот);
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 789 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринин 2-бөлүмүнүн 2.8-пунктунун сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр "эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- (8-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 526 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 789 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (онунчу абзацы КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 233 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-мартындагы № 158 "Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө" токтомунда:
4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине" деген сөздөр "эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Эмгек боюнча мамлекеттик инспекциясына" деген сөздөр "эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-майындагы № 308 "Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекеттердин прокуратура органдарындагы жана мекемелериндеги кызмат жылдарын жалпы эмгек стажына жана эмгек сиңирген жылдарга өз ара чегерүү жөнүндөгү өкмөттөр аралык Макулдашууну бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине" деген сөздөр "эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-июнундагы № 367 "Үйдө иштөөчүлөрдүн эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги үйдө иштөөчүлөрдүн эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө Жобону колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн" деген сөздөр "Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үйдө иштөөчүлөрдүн эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө Жобону колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрсүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;