Редакцияот 02.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 2-ноябры № 764

Мамлекеттин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттигинин (JIKA) туруктуу өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнүн негизинде "Toyota Land Cruiser 100" маркасындагы, 2003-жылы чыгарылган, кыймылдаткычы № 1FZ0582328, кузову № JTGHJ09J237004089 автомашинаны мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартуу режиминде бажылык тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны белгиленген тартипте балансына өткөрүп алсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

 

Ж.Сатыбалдиев