Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы N 715 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2012-жылдын 11-декабры № 824
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Аскер Комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча:
ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана аскердик кошундары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар түрдүү жөндөмөдөгү "(аскердик бөлүктөн тышкары)" деген сөздөр алып салынсын;
- 2 жана 5-пункттардагы "областтардагы", "областтарда" деген сөз алып салынсын;
- 5-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү аскердик кызматка жана машыктыруучу жыйындарга уюштуруп жөнөтүү үчүн республикалык жыйым пункту жана аскер комиссариаттарынын алдындагы жыйым пункттары түзүлөт.";
- 8-пункттун экинчи абзацындагы "Аскер кызматын өтөөнүн тартиби жөнүндө Жобого" деген сөздөр "контракт боюнча аскер кызматын өтөөнүн тартиби жөнүндө жоболорго" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пункттагы "Уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы" деген сөздөргө алмаштырылсын;