Загрузка документа…
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденттерин каттоо тартиби жөнүндөгү ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88, 2026-жылдын 29-майы № 376 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденттерин (мындан ары - ЖТП резиденттери) каттоо тартиби жөнүндөгү жобо "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
2. ЖТП резиденттери. ЖТП резиденти катары катталуу үчүн кайрылуу
2. ЖТП резиденти катары катталуу үчүн юридикалык же жеке жак ЖТП дирекциясына Байкоочу кеңеш бекиткен формадагы арызды төмөнкүлөрдү тиркөө менен берет:
- юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин жана юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн анын жетекчиси күбөлөндүргөн көчүрмөлөрү;
- жеке жактар үчүн - жеке жакты жеке ишкер катары каттоо фактысын ырастаган документтин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, аталган документтердин түп нускаларын көрсөтүү менен;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесиндеги талаптарга ылайык ишинин шайкештигин документтерди.
Юридикалык жактын уюуштуруу документтеринде "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде каралган иш түрлөрү (түрү) көрсөтүлүшү керек.
3. Юридикалык же жеке жакты ЖТП резиденти катары каттоо (каттоодон баш тартуу) жөнүндө чечимди кабыл алуу тартиби
3. ЖТП резиденти катары катталуу үчүн юридикалык же жеке жак ЖТП дирекциясына тапшырган документтер тизме боюнча кабыл алынат, анын көчүрмөсү документтер кабыл алынган датасын белгилөө менен арыз ээсине берилет.
4. ЖТП дирекциясы тапшырылган документтерди карап, арыз ээсин ЖТП резиденти катары алгачкы каттоо мүмкүндүгү тууралуу корутунду алуу үчүн Эксперттик кеңешке экспертизага жөнөтөт.
5. Эксперттик кеңеш арыз ээси берген документтерге экспертиза (экспертизалар) жүргүзөт. Экспертиза жүргүзүүгө Эксперттик кеңеш керек болгон учурда илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди чакырууга укуктуу. Бул учурда документтерди кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтү экспертиза (экспертизалар) жүргүзүү мезгилине чейин узартылат, бирок 10 күндөн ашык эмес убакытка узартылат.
6. ЖТП резиденти катары алгачкы катталуу үчүн юридикалык же жеке жак тапшырган документтерди ЖТП дирекциясынын кароосунун, экспертиза жүргүзүү жана чечим кабыл алуусунун жалпы мөөнөтү бул документтерди арыз ээси бергенден тартып бир айдан ашпашы керек.
7. ЖТП дирекциясы тарабынан Эксперттик кеңештин тиешелүү корутундусунун негизинде юридикалык жана жеке жакты ЖТП резиденти катары алгачкы каттоо жөнүндө (каттоодон баш тартуу жөнүндө) чечим кабыл алынат жана алгачкы каттоо жөнүндө күбөлүк берилет.