Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2012-жылдын 14-августу № 561
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Азык-түлүк товарларынын социалдык маанилүү түрлөрүнө баанын өсүү темпин токтотуу, калктын социалдык аялуу катмары үчүн тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана ченемдик укуктук актыларды кайталанышын жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбула "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 5-пунктуна" деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын ички рыногунда мамлекеттик убактылуу жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеси (мындан ары Тизме);";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пунктта;
биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги";
3-абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке" сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;