Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 489 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы N 592 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-майындагы № 296 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) көрсөтүлүүчү тышкы жардамдарды ишке ашыруунун натыйжалуулугу маселелери боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыздоочу консультациялык-кеңешме орган болуп саналат.
"Өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк" термини менен эл аралык финансы институттары, донор-өлкөлөр жана чет өлкөлүк банктар түшүнүлөт.
2. Принциптер, милдеттер жана функциялар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр өз иштерин төмөнкү принциптердин негизинде жетекчиликке алат:
тышкы жардамдардын натыйжалуулугун жогорулатуу жаатындагы кабыл алынган эл аралык макулдашууларды жактоочулук;
консультациялык процесстин жана диалогдун негизинде өз ара аракеттенүү принцибин орнотуу;
ачык-айкындык жана бирин бири толуктоо, кайталоону болтурбоо жана каражаттарды натыйжалуу жана үзүрлүү пайдаланууну камсыз кылуу.
Кеңештин негизги милдети өнүктүрүү максатында тышкы жардамдарды көрсөтүүнү пайдалануу натыйжалуулугун камсыздоо жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр ортосунда диалог жүргүзүү жана туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.
Бул милдеттерди чечүү үчүн Кеңеш төмөнкү функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына ылайык тышкы жардамдарды пайдалануу жана тартуу маселелери боюнча сунуштарды талкуулоо жана даярдоо;