Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 645 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 28-июнундагы № 388 токтомунун
редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Амбулатордук деңгээлде кошумча төлөм
3. Стационардык деңгээлде кошумча төлөм
4. Кошумча төлөмдү төлөөнүн жана кайтарып берүүнүн тартиби
5. Кошумча төлөм каражаттарын колдонуу тартиби
6. Кошумча төлөм каражаттарын пайдаланууну эсепке алуу,
отчеттуулук, контролдоо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын (мындан ары - МКП) каржылоонун көлөмүнөн тышкары медициналык кызмат көрсөтүүдө Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) менен жарандардын ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле кошумча төлөм каражаттарын киргизүү, кайтаруу, колдонуу, эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин аныктайт.
2. Жарандар МКПнын каржылоо көлөмүнөн тышкары саламаттык сактоо уюмдары көрсөтүүчү медициналык кызматты пайдалангандыгы үчүн акы төлөөгө катышат.