Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтому менен бекитилди
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Атайын эсепти түзүүнүн булактары
3. Каражаттарды пайдалануу жана эсебин алуу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби (мындан ары - Атайын эсеп) Маминспекциянын тиешелүү материалдык-техникалык базасын жана анын иштешине зарыл шарттарды уюштуруу, кызматкерлерди социалдык жактан коргоо жана аларга кепилдик берүү максатында түзүлөт.
2. Атайын эсептин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (мындан ары - Маминспекция) материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо;
- Маминспекциянын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыздоо, алардын инспекциялык иштерин стимулдаштыруу.
2. Атайын эсепти түзүүнүн булактары
3. Маминспекциянын Атайын эсеби мамлекеттик аткаруу бийлиги органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине ылайык акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн, ошондой эле донордук жардамдардын каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
4. Маминспекциянын Атайын эсеби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыначылыкта ачылат.
3. Каражаттарды пайдалануу жана эсебин алуу тартиби
5. Атайын эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыначылыктын региондук бөлүмдөрүндөгү Маминспекциянын атайын эсебинде топтолот.