Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 118 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы N 248, 2013-жылдын 29-июлундагы N 423, 2015-жылдын 30-мартындагы № 168, 2016-жылдын 24-мартындагы № 142, 2016-жылдын 8-августундагы № 435, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653, 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 236, 2019-жылдын 29-июлундагы № 371 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Министрлик) Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган аткаруучу бийликтин борбордук органы болуп эсептелет, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Эл аралык медициналык-санитардык эрежелери боюнча улуттук координатору болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, башка ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтин мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы бар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналыгында алыш-бериш эсептери бар юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ болот.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрликтин максаты
4. Министрликтин максаты болуп Кыргыз Республикасында жарандардын ден-соолугун чындоо жана сактоо эсептелет.
3. Министрликтин маселелери
5. Министрликтин маселеси болуп төмөнкүлөр боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу болуп эсептелет: