Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 663 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 9-январы № 1

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамында:

"Бабанов Өмүрбек Токтогулович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын:

"Карашев Аалы Азимович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;";

"Момуналиев Нурханбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары." позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын:

"Оторбаев Жоомарт Каипович - Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.";

"Мухамеджанов Абылай Жумакадырович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын:

"Шыкмаматов Алмамбет Насырканович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;";

"Ташбаев Учкунбек Азизбекович - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын:

"Сариев Темир Аргембаевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри;";

"Мамбетжанов Мэлис Тулиндиевич - Кыргыз Республикасынын финансы министри;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын:

"Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;";

"Жолдубаева Индира Ырысбаевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын:

"Мамыров Эркинбек Тобокелович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;";

"Аттокуров Марат Сабырович - USAID долбоорунун эксперти (макулдашуу боюнча);" позициясы күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ө.Бабанов