Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 12-июну № 410

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктунун төртүнчү абзацындагы "2012-жылдын 1-апрелинен баштап" деген цифралар жана сөздөр "2012-жылдын 1-июлунан баштап" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык пункт күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтомдун 1-тиркемесиндеги "Штаттык бирдиктердин саны (техникалык жана тейлөөчү персоналдан тышкары)" деген графасында:

- 5-пунктундагы "194" жана "134" деген цифралар тиешелүү түрдө "104" жана "44" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 33-пунктундагы "476", "105" жана "371" деген цифралар тиешелүү түрдө "566", "119" жана "447" деген цифраларга алмаштырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов