Редакцияот 08.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 8-январы № 3

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Качкындар менен иштөө жөнүндө жободо:

- 2-пункттагы "башка мамлекеттин аймагына өзүнүн туруктуу жашаган жерин аргасыздан таштап" деген сөздөр "өзүнүн жарандык таандыктуулугунун өлкөсүнөн же өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары жүргөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

"3. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - бул Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясында каралган жагдайлар боюнча качкын деп таанууну каалагандыгы жөнүндө билдирген адам.";

- 13-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

"13. Күбөлүк үч айлык мөөнөткө берилет, андан ары даттануу баскычын кошкондо, акыркы чечим чыгарылганга чейин жарактуулук мөөнөтү узартылат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев