Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 28-январы № 39

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча жеке өнөктөрдү тандоочу тендердик комиссия жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча тендер өткөрүү эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоонун тартиби.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-майындагы № 323 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорлор боюнча конкурстук тандоону жана тике сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн, макулдашууларды түзүүнүн тартибин, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында түзүлгөн акционердик коомдун директорлор кеңешинин курамына мамлекеттик кызматчыларды тандоонун жана көрсөтүүнүн тартибин бекитүү жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында түзүлгөн акционердик коомдун директорлор кеңешинин курамына сунуштоо үчүн мамлекеттик кызматчыларды тандоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 9-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев