Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги N 209 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик жогорку окуу жайларынын (мындан ары - ЖОЖ) жетекчилерин (ректорлорун, президенттерин, начальниктерин, директорлорун) шайлоо тартибин жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын адистештирилген мамлекеттик ЖОЖдорунун жетекчилерин кошпогондо мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси мамлекеттик ЖОЖдун жамаатынын жалпы жыйналышында шайланат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
3. ЖОЖдун жетекчисин шайлоого (белгиленген тартипте келишимдик-конкурстук негизде бул кызмат орундарын ээлеген мугалимдер, ассистенттер, окутуучулар, улук окутуучулар, доценттер, профессорлор, кафедра башчылары, бөлүмдөрдүн жана циклдердин башчылары, факультеттердин декандары) илимий кызматкерлер жана административдик-башкаруу персоналы (ЖОЖдун жетекчиси, проректорлор, ЖОЖдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (институттарынын, борборлорунун, колледждеринин, лицейлеринин, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүнүн) жетекчилери жана жетекчилеринин орун басарлары) ЖОЖдун башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн начальниктери жана начальниктеринин орун басарлары) катышат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарга жооп берген адамдар талапкерлер боло алышат. ЖОЖдун жетекчиси кызматын катары менен эки мөөнөт ээлеген адам талапкер боло албайт.
5. Мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкерлерди көрсөтүү анын окуу жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан же өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жүргүзүлөт.
6. Мамлекеттик ЖОЖдун жетекчисин кезектеги шайлоо иштеп жаткан жетекчинин ыйгарым укугу токтотулган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Мурдагы жетекчинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, мамлекеттик ЖОЖдун жаңы жетекчисин шайлоо ыйгарым укуктар токтотулган күндөн тартып алтымыш календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
2. Жетекчини шайлоо боюнча уюштуруу комитети
7. Жетекчини шайлоо боюнча уюштуруу маселелерин чечүү үчүн ЖОЖдо уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) түзүлөт.
8. Уюштуруу комитетинин иши ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген Регламентке ылайык жүргүзүлөт.