Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2013-жылдын 17-майы № 274
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкына социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү тартибин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 "Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 6, 8-пункттарындагы "социалдык коргоо жаатындагы" жана "социалдык жактан камсыз кылуу органдарын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү" жана "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чегишкен граждандарына социалдык гарантияларды жана компенсацияларды берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
12-пунктундагы "социалдык коргоо органдары" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-сентябрындагы № 401 "Саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3, 4-пункттарындагы "социалдык коргоо чөйрөсүндөгү" жана "социалдык коргоо органдары менен" деген сөздөр тиешелүү түрдө "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү" жана "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдары менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укуктарын калыбына келтирүү тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл тексти боюнча:
түрдүү жөндөмөдөгү "социалдык коргоо бөлүмдөрү", "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоо органдары", "социалдык коргоо органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги" жана "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11-пункту күчүн жоготту деп табылсын;