Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 7-сентябрындагы №484 токтому менен бекитилген |
Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы №39 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Акы төлөнүүчү коомдук иштер жумушсуз жана иш издеген жарандар үчүн туруктуу жашаган жериндеги каттоосуна карабастан, өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан калктуу конуштарды, ошондой эле турак-жайларды калыбына келтирүү, Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу жөнүндө жободо көрсөтүлгөн көмөкчү жана башка квалификациялуу эмес иштерди аткаруу үчүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте уюштурулат.
2. Туруктуу жашаган жериндеги каттоосуна карабастан жумушсуз жана иш издеген жарандар үчүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруучулар эл аралык, донордук жана өкмөттүк эмес уюмдар, анын ичинде Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу жөнүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана уюмдар болушу мүмкүн.
3. Акы төлөнүүчү коомдук иштерди каржылоо бул иштерди уюштурган иш берүүчүлөрдүн каражатынын, же болбосо макулдашуу боюнча эл аралык, донордук жана өкмөттүк эмес уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт.
Акы төлөнүүчү коомдук иштердин долбоорлору эл аралык, донордук жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан тең каржыланган учурда:
- жогоруда аталган уюмдардын каражатынан эмгек акысына кошумча акы төлөө каралат, ошол эле учурда эмгек акынын негизги суммасы акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруучулар тарабынан төлөнөт;
- иш берүүчүлөр, ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча ыйгарым укук берилген аймактык органдар жана эл аралык, донордук жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы үч тараптуу келишим ушул токтомдун тиркемесинде келтирилген форма боюнча түзүлөт.
4. Ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча ыйгарым укуктуу аймактык органдар туруктуу жашаган жериндеги каттоосуна карабастан, акы төлөнүүчү коомдук иштерге жиберилген жумушсуздардын жана иш издеген жарандардын статистикалык эсебин алууну жүзөгө ашырышат.
5. Туруктуу жашаган жериндеги каттоосуна карабастан жумушсуздар жана иш издеген жарандар коомдук иштерди аткаргандыгы үчүн акчалай жана натуралай түрдө киреше катары алган каражаттар салык салынбаган киреше салыгы болуп саналат.
Туруктуу жашаган жериндеги каттоосуна карабастан жумушсуз жана иш издеген жарандар коомдук иштерди аткаргандыгы үчүн эмгек акы төлөөнүн суммасына камсыздандыруу төлөмдөрү чегерилбейт.
20__-жылдын "__" ___________
Бул келишим иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органдын атынан иш алып барган начальник ______________ ___________________________________, бир тараптан, жана экинчи тараптан