Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 10-июну № 330

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларында:

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4. Жарандык абал актыларын каттоонун өзгөртүүлөрүнө, толуктоолоруна, оңдоолоруна жана калыбына келтирүүгө байланыштуу жарандарга жарандык абал актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайталап бергендик үчүн мамлекеттик жыйым төмөндөгүдөй өлчөмдө төлөнөт:

┌────────────────────────────────────────────────┬────────────────────┐

│а) жарандык  абал   актыларын   каттоо   жөнүндө│10 сом              │

│күбөлүктөрдү кайталап бергендиги үчүн;          │                    │

│б) Кыргыз  Республикасынын жарандык абал актыла-│5 сом               │

│рын  каттоонун  өзгөртүүлөрүнө,  толуктоолоруна,│                    │

│оңдоолоруна жана калыбына келтирүүгө байланышкан│                    │

│күбөлүк бергендиги үчүн                         │                    │

└────────────────────────────────────────────────┴────────────────────┘

";

- 5-пунктунда:

"б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"

┌───────────────────────────────────────────┬─────────────────────────┐

│б) Кыргыз  Республикасынын  жаранынын жалпы│60 сом                   │

│жарандык паспортун берүү үчүн:             │                         │

│- жарандык,  үй-бүлөлүк жана кылмыш  иштери│эсептик көрсөткүчтүн     │

│боюнча укуктук жардам көрсөтүү тууралуу ке-│нөл өлчөмүндө            │

│лишимдерге ылайык чет өлкөлүк сотторго  та-│                         │

│раптар,  күбөлөр, жабыр тарткандар жана жа-│                         │

│рандык, кылмыш иштери боюнча эксперттер ка-│                         │

│тарында  чакырылган  жарандарга,  -  аларга│                         │

│уруксат берүү  жана  чет  мамлекетке  чыгуу│                         │

│укугуна документтерди берүү үчүн;          │                         │

│- окууга  же  өндүрүштүк  практикадан  өтүү│эсептик көрсөткүчтүн     │

│үчүн чыгууга байланыштуу  окуучуларга  жана│нөл өлчөмүндө            │

│студенттерге                               │                         │

└───────────────────────────────────────────┴─────────────────────────┘

";

"м" пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"

┌───────────────────────────────────────────┬─────────────────────────┐

│м) чет өлкөлүк паспортту же аны алмаштырган│эсептик көрсөткүчтүн     │

│документти каттоо же аны каттоонун жарак-  │бир өлчөмүндө            │

│туулук мөөнөтүн узартуу үчүн;              │                         │

│- Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттер-│эсептик көрсөткүчтүн     │

│ге чыгып жаткан чет өлкөлүк туристтин доку-│нөл өлчөмүндө            │

│менттерин каттоо үчүн;                     │                         │

└───────────────────────────────────────────┴─────────────────────────┘

";

"п" пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"

┌───────────────────────────────────────────┬─────────────────────────┐

│п) жашаган жери боюнча каттоо (каттоого ту-│эсептик көрсөткүчтүн     │

│руу) үчүн:                                 │0,2 өлчөмүндө            │

│- картаңдар  жана  майыптар   үчүн   интер-│эсептик көрсөткүчтүн     │

│нат-үйлөрдө жашаган картаңдар жана майыптар│нөл өлчөмүндө            │

│үчүн;                                      │                         │

│- мектеп-интернаттардын  жана  толугу менен│эсептик көрсөткүчтүн     │

│мамлекеттик камсыздоодо турган баштапкы ке-│нөл өлчөмүндө            │

│сиптик  билим берүү мекемелеринин жатакана-│                         │

│ларында жашаган окуучулары үчүн            │                         │

└───────────────────────────────────────────┴─────────────────────────┘

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев