Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 8-декабрындагы № 787
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 10-июну № 334
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 467 "Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы топтомо пенсиялык системаны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планынын 4-пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 467 "Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жободо:
2-главасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү
5. Баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй иштин тиешелүү түрү үчүн баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун өздүк каражаттары ушул Жобонун 6 жана 8-пункттарында белгиленген уставдык капиталдын эң аз өлчөмүнөн кем болбошу керек.
6. Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун уставдык капиталынын эң аз өлчөмү төмөнкү чоңдуктардан кем болбошу керек:
депозиттик иштики - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 50000 эсептик көрсөткүчтөн;
баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу боюнча иштики - 250000 эсептик көрсөткүчтөн;
инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иштики - 50000 эсептик көрсөткүчтөн;
дилердик иштики - 15000 эсептик көрсөткүчтөн;
брокердик иштики - 35000 эсептик көрсөткүчтөн;