Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 19-июну № 355
"Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
1-берене.
"Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2008-жылдын 22-апрелдеги № 29 саны) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп табылсын.
2. 1-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "майыптар үчүн үй-интернаттар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын убактылуу турушу үчүн үй-интернаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.