Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 24-июну № 364
"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 1999-ж., № 10, 442-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-берене төмөнкү мазмундагы 25-абзац менен толукталсын:
"Тездетилген сотко чейинки өндүрүш - ушул Кодексте көрсөтүлгөн негиздер боюнча жана чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыштар боюнча алгачкы текшерүү органдары, тергөөчү жана прокурор тарабынан кыска мөөнөт ичинде жасалуучу жана кабыл алуучу процесстик амалдардын жана процесстик чечимдердин жыйындысы.".