Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 390 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду өткөрүү жана мамлекеттик каттоолор жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 61 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорго жана мамлекеттик каттоолорго тиешелүү эрежени жана тартипти белгилейт жана пестициддерди иштеп чыгуучулар, катталуучулар, ошондой эле илимий изилдөө мекемелери жана сыноолор системасына кирген башка уюмдар үчүн негизги документ болуп саналат.
2. Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду өткөрүүнү жана мамлекеттик каттоону уюштурууну Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын пестициддерди колдонууну жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Департамент ишти аткаруу бийлигинин тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен бирге уюштурат.
4. Каттоо процесси төмөнкү негизги этаптарды камтыйт:
- ушул Жобого ылайык даярдалган каттоочунун арызынын экспертизасы;
- каттоо үчүн сыноолор (пестицидди пайдалануунун биологиялык регламенттерин, гигиеналык ченемдерин, санитардык ченемдерин жана эрежелерин белгилөө, пайдалануу регламентин экологиялык баалоо);
- каттоо үчүн сыноолордун жыйынтыгына экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү;
- катталуучуну мамлекеттик каттоо жана пестицидди же агрохимикатты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү;
- пестицидди же агрохимикатты Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын атайын каталогуна киргизүү.
41. Каттоо процессинин жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын расмий веб-порталы (электрондук система) аркылуу пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду жана мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн арыз берүүгө жол берилет.
Электрондук арыз кагаз жүзүндөгү арызга теңештирилет жана ушул Жободо белгиленген материалдардын бардык зарыл болгон электрондук көчүрмөлөрүн камтууга тийиш. Арыздын берилгендигин ырастоо жана аны карап чыгуунун жүрүшү жөнүндө кабарлоо катталуучуга веб-порталдагы (электрондук системадагы) жеке кабинет аркылуу жиберилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 61 токтомдорунун редакциясына ылайык).
5. Бекитилген жобо тиешелүү техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулат.
2. Терминдер жана аныктамалар
Бул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
агрохимикаттар - жер семирткичтер топурактын химиялык мелиоранттары, өсүмдүктөрдү азыктандырууга, топурактын асылдуулугун жөнгө салууга жана жаныбарларды кошумча азыктандырууга арналган азыктык кошумчалар;
өсүмдүктөрдү коргоо үчүн биологиялык препарат - таасир этүүчү зат микроорганизм же анын жашоосунун продуктусу болгон препарат;
вегетациялык мезгил - конкреттүү айыл чарба өсүмдүгүнүн эгилген убагынан бышканга чейинки мезгили;
зыяндуу организмдер - топуракка, өсүмдүккө жана айыл чарба продукциясына терс таасирин тийгизүүчү өсүмдүктөрдүн зыянкечтери, илдеттери жана отоо чөптөр;
пестициддерди мамлекеттик каттоо - препараттарды биологиялык, токсикологиялык, гигиеналык жана экологиялык баалоону аяктоочу процедура, анын жыйынтыгы боюнча жеке жана юридикалык жактарга пестицидди өндүрүү, ташып келүү, соодалоо, колдонуу жана жарнамалоо укугуна каттоо күбөлүгү берилет;
таасир этүүчү зат - пестициддин препараттык формадагы биологиялык активдүү бөлүгү;
тыюу салынган пестицид - мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, айлана-чөйрөнү коргоо органдарынын корутундуларынын негизинде Департамент пайдалануунун бардык түрлөрүнө тыюу салган же каттоого арыздарды четке каккан препарат;
өсүмдүктөрдү коргоо - прикладдык биологиянын зыяндуу организмдерден болуучу жоготуудан сактоочу жана алдын алуучу теориялык негиздерди жана ыкмаларды иштеп чыгуучу бөлүмү, ошондой эле айыл чарбалык өндүрүштүн ал Методдорду колдонуучу бөлүмү;
аралаш пестицид - курамында эки же андан көп таасир этүүчү заттар болгон препарат;
пестициддин керектөө өлчөмү - иштетилүүчү аянттын бирдигине карата пестициддин салмагы (гектарга килограмм же литр);