Редакцияот 26.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 26-июлу № 420 

Мамлекеттин менчигине автомашинаны алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын автомашинага болгон керектөөсүн камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун арызынын негизинде, "Чек араны контролдоо тутумун автоматташтыруу" долбоорунун алкагында 2006-жылы чыгарылган, кузовунун № JTGHJO1J73010216, кыймылдаткычынын № 1FZ0732210, ак түстөгү, "Тойота Лэндкрузер" маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасына бажы режиминде баш тартууну тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду белгиленген тартипте:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны мамлекеттин менчигине алсын;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинанын наркын бааласын;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинанын наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев