Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 30-июлу № 432
"Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аны кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 17-августу, № 73-74) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-беренеде:
- төмөнкүдөй мазмундагы жаны он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кен казуучу тармактардын ачык-айкындык демилгеси - (мындан ары ААД) өнөр жайдагы кен казуучу тармактардын ишинен алынуучу кирешенин ачык-айкындыгын камсыздоого шарт түзүүчү, компаниялардын төлөмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алуучу кирешелердин салыштырылышын жана кеңири коомчулукка такай маалымдоону караштыруучу глобалдуу эл аралык стандарт.";