Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 29-августу № 474
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 6 жана 44-беренелерине, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамада:
- төмөнкү мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Экспорттун бажы режиминде бажылык тариздөө үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучулары тарабынан документтердин төмөнкү формалары колдонулат:
- инвойс (эсеп-фактура);
- ташып жеткирүүнүн ыкмаларына жараша товардык-транспорттук документтер: МДП (TIR CAR№ET) китепчеси, товардык-транспорттук коштомо кагазы (ТТК), эл аралык автомобилдик коштомо кагазы (CMR), авиа коштомо кагазы, эл аралык байланыштын темир жол коштомо кагазы (СМГС);
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан алып чыгууга уруксат берүү тартиби менен белгиленген өзгөчө товарларды Кыргыз Республикасынан экспорттоого лицензия же уруксат берүү.";
- 7-пункттун биринчи абзацы "тариздөө" деген сөздөн кийин "6-1-пунктта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары башка бажы режимдерин колдонуу учурунда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7.1-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- инвойс (эсеп-фактура);";