Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 6-сентябры № 480

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын  бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Алмаштыруу бюросунун кызматын көрсөтүүчү ишкердик субъектилерин салык салуу менен толугураак камтууга жетишүү максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Алмаштыруу бюросунун кызмат көрсөтүүлөрүнө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларында, "Экономикалык иштин түрү" деген графада:

- бешинчи саптагы ", Дордой базары" деген сөздөр алып салынсын;

- алтынчы сап "Бишкек шаарынын калган аймагында" деген сөздөрдөн мурда "Дордой" соода-базар комплексинин аймагында" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана күчүнө кирген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып колдонулат.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев