Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 26-сентябры № 527

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, мамлекеттик органдардын муктаждыктары үчүн азык-түлүк товарларды сатып алууга жумшалуучу мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси төмөнкү мазмундагы 33-пункт менен толукталсын:

"

┌──┬────────────┬─────────────────────────────────────────────────────┐

│33│"Гарант     │Нефти продуктулар - мазут, дизелдик отун             │

│  │Премиум" ЖчК│                                                     │

└──┴────────────┴─────────────────────────────────────────────────────┘

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев