Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 22-ноябры № 633

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө»

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 468, 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин натыйжалуу күтүүнү камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 24-октябрындагы № 334 "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомун көңүлгө алып жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарынын мэриясынын "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси мекемеси Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Төбө айылында жайгашкан аянты 3,087 га жер участкасы менен мүлк комплекси катары мамлекеттик менчикке кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин күтүү үчүн акча каражаттарын караштырсын.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети:

- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилге кылсын, ошондой эле ушул токтомдон келип чыккан башка зарыл чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев