Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын "25" декабрындагы № 705 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу
өкүлчүлүгү жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 81, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 586 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Өкүлчүлүктүн максаты жана милдеттери
3. Өкүлчүлүктүн функциялары
4. Өкүлчүлүктүн ишин уюштуруу
5. Корутунду жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (мындан ары - Өкүлчүлүк) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин атынан (мындан ары - Министрлик) Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында иш алып баруучу мамлекеттик орган болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрлик Өкүлчүлүктүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана координациялайт.
3. Өкүлчүлүк өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык ишке ашырат.
4. Өкүлчүлүк Ош шаарында жайгашат.
Өкүлчүлүккө жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди чечүү үчүн Өкүлчүлүктүн Жалал-Абад жана Баткен шаарларында өз пункттары бар.
5. Өкүлчүлүктүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде аталышы жазылган мөөрү бар.
2. Өкүлчүлүктүн максаты жана милдеттери
6. Өкүлчүлүктүн ишинин максаты өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын курсун натыйжалуу ишке ашырууга катышуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана башка улуттук кызыкчылыктарын эл аралык мамилелерде коргоо болуп саналат.