Редакцияот 01.10.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 1-октябры № 537

Бишкек шаарында 2013-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын

 Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө

кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

 

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Бишкек шаарында 2013-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 10-беренесине ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Бишкек шаарында 2013-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түркия тарапка билдирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж.Сатыбалдиев