Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 31-декабры № 730
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
1-берене.
“Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (“Эркин Тоо” гезити, 2007-жылдын 4-декабры, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьяда:
- үчүнчү абзацтагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын белгиленүүчү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын аймагына кайтып келүүгө жана жайгашууга” деген сөздөр “этникалык кыргыздар тарыхый мекенине массалык көчүп келген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын: