Редакцияот 04.09.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 4-сентябры № 2006-III

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелер киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине төмөнкү маселелер кошумча киргизилсин:

"Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Садырбаевдин коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;

"Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындоонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келерлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу.

 

Төрага

М.Султанов