Загрузка документа…
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 222, 2015-жылдын 30-мартындагы № 172, 2016-жылдын 29-августундагы № 461, 2017-жылдын 22-июнундагы № 398 , 2018-жылдын 20-июнундагы № 290, 2020-жылдын 1-декабрындагы № 586 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама нотариалдык иш аракеттерди жасоонун негизги эрежелерин аныктайт.
Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык нотариус өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Конституциясына, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге таянат.
(Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Нотариустар мыйзамдарда көрсөтүлгөн учурларда башка мамлекеттердин да мыйзамдарын колдонушат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172, 2020-жылдын 1-декабрындагы № 586 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Нотариат ишин жүргүзүү жарандык юрисдикция тутумуна кирет. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариус жарандык-укуктук ченемдерди жетекчиликке алат; нотариус жарандык-укуктук жөнгө салууга тиешелүү укуктук мамилелерге катышкан жактарга карата нотариат иш аракеттерин күбөлөндүрөт, күбөлөйт, аткарат.
Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каалаган нотариалдык иш-аракетти жасайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жеке нотариус нотариалдык округдун чегинде нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу үчүн нотариалдык иштин элге белгилүү мүнөзүн, анын ичинде жарандарга жана юридикалык жактарга нотариустун кызматынан пайдалануунун жеткиликтүү болушун, нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун жашырындуулугун жана нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү материалдарын сактоону камсыз кылган жайды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттатууга тийиш.
Нотариалдык иш-аракеттерди жасаган жери өзгөргөн учурда жеке нотариус Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин үч күндүк мөөнөттө кабардар кылууга жана кайрадан катталууга тийиш.