Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 29-декабрындагы № 733
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №179 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА
1.1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары (мындан ары - нотариустар) тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
1.2. Нускаманын негизги максаты - документтердин жүгүртүлүшүн тартипке салуу, документтердин даярдалыш сапаттарын жогорулатуу жана нотариустардын ишин өркүндөтүү.
1.3. Нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүүнүн эрежелеринин нотариустар тарабынан аткарылышына көзөмөлдүктү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана юстициянын аймактык башкармалыктары жүргүзөт. Нотариустун иш кагаздарын жүргүзүүсү "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик же расмий тилде ишке ашырылат.
1.4. Нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү өзүндө нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү менен түздөн-түз байланышкан документтерди жүргүзүүнү, нотариалдык архивди жана кеңсени жүргүзүүнү камтыйт.
1.5. Иш кагаздарын жүргүзүүнүн туура уюштурулушу жана жүргүзүлүшү үчүн мамлекеттик улук нотариус (мамлекеттик нотариус) жана жеке нотариус жооп берет.
Мамлекеттик улук нотариус төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Нускаманын бардык нотариустар тарабынан үйрөнүлүшүн уюштурууга;
- ушул Нускаманын иш кагаздарын жүргүзүүгө киргизилишин камсыз кылууга;
- иш кагаздарынын абалына көзөмөлдүк кылууга.
1.6. Иш кагаздарын жүргүзүү жүктөлгөн улук нотариус же архивариус кызматынан бошотулган жана башка ишке которулган учурда архив көктөмөлөрү, ошондой эле жүгүртүлүүдөгү көктөмөлөр жана документтер жаңы дайындалган адамга өткөрүлүп берилет, ал тууралуу кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт.
Документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүүдө алар кем чыгып калган учурда ушул туурасында Юстиция министрлиги же юстициянын аймактык башкармалыгы кабардар кылынат жана аларды издөө чаралары көрүлөт.
Жеке нотариус ишин токтоткон учурда архив көктөмөлөрү, ошондой эле жүгүртүлүүдөгү көктөмөлөр жана документтер тиешелүү нотариат аймагынын мамлекеттик нотариусунун архивине өткөрүлүп берилет да, ушул туурасында кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт.