Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 29-декабрындагы № 733
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №179 токтому менен бекитилген |
Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА
1. Ушул Нускама "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана нотариалдык иш аракеттерди жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздер жана ишеним каттар нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге теңдештирилет.
3. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жердин жетекчиси өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин жана башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буюрмаларын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нускамаларын жана ушул Нускаманы жетекчиликке алат.
4. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жердин жетекчиси өзү күбөлөндүрүлгөн керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундуулугун сактоого милдеттүү.
5. Керээздин мазмуну эч кимге, анын ичинде керээзде көрсөтүлгөн адамдарга да билдирилбеши керек.
6. Керээздин бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалым каттар керээз жазган адам өлгөндөн кийин гана анын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүлгөндөн кийин берилет.
Керээздин бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалым каттар жеке адамдарга жана юридикалык жактарга алардын тапшыруусу же аларга карата жасалган нотариалдык иш аракеттер боюнча, ошондой эле өндүрүштөрүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу соттун, прокуратуранын, тергөө органдарынын талабы боюнча гана берилет.
Күбөлөндүрүлгөн керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундуулугун сактоо жөнүндө эрежелер өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган керээздер жана маалым каттар жөнүндө кабардар болушкан адамдарга да таркатылат.
Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жердин жетекчиси, ошондой эле өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган керээздер жана маалым каттар жөнүндө кабардар болушкан адамдар күбөлөндүрүлгөн керээздердин жашырындуулугун бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопко тартылышат.
7. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жердин жетекчиси эркиндигинен ажыратылган же камакта кармалган адамдарга керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрүүдө алардын укуктарын ишке ашырууда жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо көмөктөшүүгө тийиш.
Жетекчи эркиндигинен ажыратылган жана камакта кармалган адамдарга ушул максаттарда:
- керээзге байланышкан укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрөт (20-пункт);