Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 29-декабрындагы № 733
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №179 токтому менен бекитилген |
Чалгындоо жана ушул сыяктуу башка экспедициялардын жетекчилери тарабынан керээздерди күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА
1. Ушул Нускама "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана нотариалдык иш аракеттерди жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана чалгындоо жана ушул сыяктуу башка экспедицияларда керээздерди күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Чалгындоо жана ушул сыяктуу башка экспедициялардын жетекчилери (мындан ары - экспедициянын жетекчиси) ушул экспедицияларда болгон жарандардын керээздерин күбөлөндүрөт.
Экспедициянын жетекчилери тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздер нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге теңдештирилет.
3. Экспедициянын жетекчиси керээздерди күбөлөндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин жана башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Нускаманы жетекчиликке алат.
4. Экспедициянын жетекчиси күбөлөндүрүлгөн керээздердин жашыруундуулугун сактоого милдеттүү. Керээздин мазмуну эч кимге, анын ичинде керээзде көрсөтүлгөн адамдарга да билдирилбеши керек. Керээздин бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалым каттар керээз жазган адам өлгөндөн кийин гана анын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүлгөндөн кийин берилет.
Күбөлөндүрүлгөн керээздердин жашыруундуулугун сактоо жөнүндө эрежелер өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган керээздер жөнүндө кабардар болушкан адамдарга да таркатылат. Алар да эч кимге, анын ичинде керээзде көрсөтүлгөн адамдарга керээздин мазмуну жөнүндө билдирүүгө укуксуз.
Экспедициянын жетекчиси, ошондой эле өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган керээздер жөнүндө кабардар болушкан адамдар күбөлөндүрүлгөн керээздердин жашырындуулугун бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопко тартылышат.
5. Экспедициянын жетекчиси ушул экспедицияда болушкан жана керээзин күбөлөндүрүүнү каалашкан жарандарга көмөктөшөт.
Ушул максатта ал, атап айтканда:
- керээзге байланышкан укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрөт (ушул Нускаманын 15-пункту);
- керээзди күбөлөндүрүүдөн улам боло турган кесепеттер жөнүндө эскертет;
- керээзди өзгөртүү, керээзди жокко чыгаруу тартибин түшүндүрөт.