Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 29-декабрындагы № 733
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №179 токтому менен бекитилген |
Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана нотариалдык иш аракеттерди жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана аскердик бөлүктөр, бирикмелер, мекемелер жана аскердик-окуу жайлары дислокацияланган пункттарда мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Нотариус жок аскер бөлүктөрү дислокацияланган пункттарда аскер кызматчыларынын керээздерин, ошондой эле ушул бөлүктөрдө иштеген жарандардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн керээздерин аскер бөлүктөрүнүн командирлери күбөлөндүрөт.
3. Нотариус жана нотариат ишин жүргүзгөн башка органдар жок аскер бөлүктөрү, кошулуулар, мекемелер жана аскердик-окуу жайлары дислокацияланган пункттарда аскер кызматчылардын ишеним каттарын, ошондой эле жумушчулардын жана кызматчылардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ишеним каттарын ушул аскер бөлүгүнүн, бирикменин, мекеменин же жайынын командирлери (жетекчилери) күбөлөндүрөт.
4. Аскер кызматчылары керээздерин күбөлөндүрүү маселелери боюнча мамлекеттик же жеке нотариустарга, ал эми нотариус жок калктуу пункттарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бийлик органдарына кайрылууга укуктуу.
Аскер бөлүктөрүнүн командирлери (жетекчилери) тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздер жана ишеним каттар нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге теңдештирилет.
5. Бөлүктүн командири (жетекчиси) өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин жана башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Нускаманы жетекчиликке алат.
Аскер бөлүгүнүн командири (жетекчиси) өзү күбөлөндүргөн керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундуулугун сактоого милдеттүү.
Керээздин мазмуну эч кимге, анын ичинде керээзде көрсөтүлгөн адамдарга да билдирилбеши керек. Керээздин бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалым каттар керээз жазган адам өлгөндөн кийин гана анын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүлгөндөн кийин берилет.
Керээздин бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалым каттар жеке адамдарга жана юридикалык жактарга алардын тапшыруусу же аларга карата жасалган нотариалдык иш аракеттер боюнча, ошондой эле өндүрүштөрүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу соттун, прокуратуранын, тергөө органдарынын талабы боюнча гана берилет.
Күбөлөндүрүлгөн керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундуулугун сактоо жөнүндө эрежелер өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган керээздер жана маалым каттар жөнүндө кабардар болушкан адамдарга да таркатылат.
Аскер бөлүгүнүн командири (жетекчиси), ошондой эле өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган керээздер жана маалым каттар жөнүндө кабардар болушкан адамдар күбөлөндүрүлгөн керээздердин жашырындуулугун бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопко тартылышат.
6. Бөлүктүн командири (жетекчиси) ушул Нускаманын 2- жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрүүдө алардын укуктарын ишке ашырууга жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүүгө тийиш.