Редакцияот 25.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 25-апрели №190

Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-декабрындагы №378 "2011-жылды - Курманжан Датка жылы деп жарыялоо жөнүндө", 2011-жылдын 28-февралындагы №53 "Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин жогорку уюштуруучулук деңгээлде майрамдоону өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) түзүлсүн.

2. Тиркелген Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо бекитилсин.

3. Мамлекеттик дирекция өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелээри жана өз ишин өзүн өзү каржылоо принциптеринде жүзөгө ашыра тургандыгы белгиленсин.

4. Мамлекеттик дирекциянын жетекчиси дайындалгандан кийин бир жумалык мөөнөттө Мамлекеттик дирекциянын түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин.

5. Министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Мамлекеттик дирекцияга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда ага ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.

6. Бул токтомду аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 29-апрелинде № 32-33 жарыяланды

 

Премьер-министри

А.Атамбаев