Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 12-ноябрындагы № 245
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы №298 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтик уюмдарды текшерүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника Департаментинин фармацевтик уюмдарды текшерүү тартиби жөнүндө бул Жобо (мындан ары Жобо) фармацевтик иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника Департаментинин (мындан ары - Департамент) кызмат адамдарынын текшерүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартибин бекитет.
2. Фармацевтик иш жүргүзгөн ишкердик субъекттеринин (мындан ары субъекттер) ишин контролдоонун максаты, алардын Кыргыз Республикасынын дары-дармек каражаттарын сатууну, сактоону, даярдоону, чыгарууну, эсепке алууну, бөлүштүрүүнү, сарамжал пайдаланууну регламенттештирген мыйзамдарды сактоосун контролдоо болуп саналат.
3. Субъекттерди текшерүү милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- субъекттердин дары-дармектерди сатуудагы, сактоодогу, даярдоодогу, чыгаруудагы, эсепке алуудагы, бөлүштүрүүдөгү, сарамжал пайдалануудагы укук бузууларды айкындоо жана аларга бөгөт коюу;
- фармацевтик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу.
4. Фармацевтик иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерин текшерүү Департаменттин ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлөт.
5. Департаменттин кызмат адамдары текшерүү жүргүзүүдө бул Жобону жана Кыргыз Республикасынын иштин бул чөйрөсүн жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алууга тийиш.
6. Департаменттин текшерүү объектиси (мындан ары - объект) төмөнкүлөрдүн фармацевтик иши болуп саналат:
- дарыкана мекемелердин (дарыкана кампалары, дарыканалар, саламаттык сактоо уюмдарынын дарыканалары, дарыкана пункттары, дарыкана киоскалары, жана ошондой эле медициналык техникалар кампалары, медицина техникалар дүкөнү, оптика дүкөндөрү);
- дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканалар;
- дары-дармектерди сатып алуу, сактоо, бөлүштүрүү жана сарамжал пайдалануу маселелери боюнча саламаттыкты сактоо уюмдары.