Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №354 токтому менен бекитилген |
1. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
жабыркаган адам - Кыргыз Республикасынын жараны, 2010-жылы июнда Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы калктуу конуштардын аймагында болуп өткөн окуялардын натыйжасында мародерлукка жана талап-тоноого кабылган мүлктүн менчик ээси (ишкердик субъекттерин кошпогондо);
мамлекеттик жардам - жабыркаган адамга мүлктүк жоготууларын жарым-жартылай компенсациялоо катары мамлекет берүүчү акысыз бир жолку жардам;
комиссия - мүлкүнө келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо менен жабыркаган адамдардын тизмесин түзүү үчүн коомдук уюмдардын жана коомчулуктун катышуусунда жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте түзүлгөн комиссия;
мүлк - жабыркаган адамга таандык болгон ар кандай менчик объекттери, ага жабыркаган адамдын кыймылсыз мүлкү, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жекече пайдалануусундагы буюмдары кирбейт.
2. Мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн булактары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 147 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд жана Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарын чыгымдоону контролдоочу байкоочу кеңеш жөнүндө" токтому менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд жөнүндө жобого ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттары саналат.
3. Мамлекеттик жардамды каржылоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2521 "Жеке ишканаларга, ишкерлерге жана калкка финансылык эмес субсидиялар" беренеси боюнча жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик жардам көрсөтүүнү Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары Мамлекеттик дирекция) тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтарынын негизинде комиссия берген тизмелерге ылайык жүзөгө ашырат (1-тиркеме).
Келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү тийиштүү укук коргоо органдарынын, өрткө каршы коопсуздук органдарынын маалыматтарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кварталдык комитеттердин жабыр тарткан адамдардын 2011-жылдын 1-январына чейин кабыл алынган арыздары боюнча берилген маалымкаттарынын негизинде комиссия тарабынан аныкталат.
5. Мүлкүнүн материалдык зыянынын рыноктук наркы 50 миң сомдон азды түзгөн жабыркаган адамдарга мамлекеттик жардам келтирилген материалдык зыянга тең өлчөмдө көрсөтүлөт.
6. 50 миң сом суммасындагы мамлекеттик жардам келтирилген мүлктүк зыянынын рыноктук баасы 50 миң сомдон ашуунду түзгөн жабыркаган адамдарга көрсөтүлөт.