Редакцияот 23.06.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 23-июну № 339

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуна ылайык, "Маалыматташтыруу жөнүндө", "Электрондук документ жана электрондук санариптик кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын уставы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына уюштуруу жана техникалык маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасын атайын каражаттардын жана башка булактардын эсебинен каржылоону жүргүзүүгө уруксат берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 498 "Инфоком" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев