Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 76, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 442, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702, 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 478, 2024-жылдын 15-майындагы № 250, 2024-жылдын 8-октябрындагы № 610, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Дипломаттык жана кызматтык паспорттор жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспорту (мындан ары - дипломаттык паспорт) - Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууда, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары убактылуу жүрүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин ырастоочу документ;
2) Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту (мындан ары - кызматтык паспорт) - Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууда, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары убактылуу жүрүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин ырастоочу документ;
3) консулдук кызмат - тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмү;
4) аймактык бөлүмдөр - Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун тариздөөгө документтерди кабыл алууну жана аны берүүнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан көрсөтүлүүчү башка кызматтарды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;
5) Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы - Кыргыз Республикасынын калкын жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияны жүзөгө ашырган мамлекеттик органы;
6) командировкага жиберүүчү уюмдар - өз кызматкерлерин кызматтык командировкага жиберүүчү бийликтин сот, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактарынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик жогорку окуу жайлар, мамлекеттик ишканалар жана чарбакер субъекттер;
7) персоналды башкаруу кызматы - командировкага жиберүүчү уюмдун кадрлар маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү;
8) жекелештирүү борбору - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган, Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун жекелештирүүнү (мындан ары - жекелештирүү) жүргүзгөн жекелештирүү борбору;
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 250, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцяларына ылайык)
2. Ушул Жободо Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторун тариздөө, берүү, алмаштыруу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, алып коюу жана жок кылуу тартиби аныкталат.
3. Дипломаттык жана кызматтык паспорттор мамлекеттик маанидеги документ жана Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, ал эми алардын ээлери Кыргыз Республикасынын коргоосунда болот.
4. Дипломаттык жана кызматтык паспорттор кызматтык иш сапарлар үчүн арналган жана 5 жылдык мөөнөткө берилет.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломаттык жана кызматтык паспортторду алардын ээлери жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү жана банктык операцияларды жасоо үчүн документтер катары колдоно албайт.
6. Дипломаттык паспортту жана кызматтык паспортту күрөө үчүн кабыл алууга жана калтырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралгандан башка учурларда алып коюуга тыюу салынат.
7. Чет мамлекеттердин аймагына кирүүнүн жана анда жүрүүнүн тартиби тийиштүү чет мамлекеттин мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
8. Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору анын ээсине дипломаттык иммунитетти же артыкчылыктарды бербейт.