Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 23-сентябры №576
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы №350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган документ менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин (базалык) тизмесинде:
- "Документтердин тизмеси" деген графанын 1-пунктундагы "Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, Нике түзүү тууралуу күбөлүк, Нике бузуу жөнүндө күбөлүк, Өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк, Аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүк, Бала асырап алуу тууралуу күбөлүк, Аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүк" деген сөздөр алып салынсын;
- "Документтердин тизмеси" деген графанын 2-пунктундагы "Транспорттук каражатты каттоо тууралуу күбөлүк, Транспорт каражаттарынын айдоочусунун күбөлүгү, Чет өлкөлүк жарандын жашоого убактылуу уруксаты, Чет өлкөлүк жарандын жашоого туруктуу уруксаты, Жарандыгы жок адамдын жашоого убактылуу уруксаты, Жарандыгы жок адамдын жашоого туруктуу уруксаты, Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү, Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү" деген сөздөр алып салынсын;
- 21-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
┌───┬──────────────────┬──────────────────────────────────────────────┐
│23 │Кыргыз │Кызматтык күбөлүк │
│ │Республикасынын │Ведомстволук сыйлыктардын бланктары │
│ │Өкмөтүнө караштуу │Туулгандыгы тууралуу күбөлүк │