Редакцияот 20.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 20-октябры №655

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин колдонууну токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 3-беренесинин 5-пунктуна, 4 жана 29-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдорун колдонуу токтотулсун:

- 2007-жылдын 21-сентябрындагы № 428 "Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 30 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- 2007-жылдын 21-ноябрындагы № 557 "Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 30 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы жер-эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Чолпон-Ата мэрине "Компания Юрист" жоопкерчилиги чектелген коом менен түзүлгөн ижара келишимин белгиленген тартипте жоюу сунуш кылынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы:

- мамлекеттин менчигинде турган, мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 30 "Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана туристтик комплексттерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө" токтому менен "Компания Юрист" жоопкерчилиги чектелген коомуна жана "Дагас Сити" жоопкерчилиги чектелген коомуна аймактарды күтүү жана көрктөндүрүү үчүн берилген, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын аймагында жайгашкан 8,0 га башка жерлерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө маселени Чолпон-Ата шаарынын шаардык кеңешинин сессиясына киргизсин;

- ушул токтомдун 4-пунктунун экинчи абзацында аталган маселе оң жагына чечилсе, аларды муниципалдык менчикке өткөрүп берсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

 

Ө.Бабанов