Редакцияот 16.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

 

2012-жылдын 16-апрели №243

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 684 "2011-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү артыкчылыктары" концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №684 "2011-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү артыкчылыктары" концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "2011-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү артыкчылыктары" концепциясында:

IV бөлүмүндө:

1.7-пунктунун 1.7.1-пуктчасынын үчүнчү абзацындагы "Атайын олимпиада" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн олимпиада" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3.6-пунктундагы "Атайын олимпиада" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн олимпиада"; "интеллекти бузулган мектеп окуучуларын" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын.

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "2011-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү артыкчылыктары" концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

10-пунктунун "Иш-чаралар" жана "Күтүлгөн натыйжалар" графаларындагы "атайын олимпиадалар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн олимпиадалар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов