Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2012-жылдын 5-июлу № 476
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарынын түзүмүнүн өзгөрүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясынын курамы ушул токтомун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясынын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын эвакуациялык комиссиясынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, ведомстволор аралык комиссиясынын төрагасынын орун басары;