Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 445 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 13-июлу № 492

Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 823 токтомунун редакциясына ылайык)

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын медицина-санитариялык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууга багытталган мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алуулар боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлсүн.

2. Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алуулар Бирдиктүү төлөөчү системасынын консолидацияланган бюджетинин эсебинен жүргүзүлөөрү аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:

- 2013-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштурулган камсыз кылуу жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- белгиленген тартипте борбордоштурулган сатып алууларды жүргүзүү боюнча иштердин көлөмүн эске алуу менен борбордук аппараттын жана аймактык башкармалыктардын штаттык санын көбөйтүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 823 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте 2013-жылдын 1-январына чейин республиканын региондору боюнча саламаттык сактоо уюмдарына карата дары-дармек каражаттарына керектөөлөрүн аныктасын.

      (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 823 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ө. Бабанов