Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2012-жылдын 1-августу № 524
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-октябрындагы № 674 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-октябрындагы № 674 токтомуна ылайык күчүн жоготот)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-июнундагы № 382 "Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген "Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси менен Кыргыз Республиканын бажы органдарында кызмат өтөп баштагандан тартып календардык эсептөө менен 15 жылдан ашкандан кийин сыйланат.";
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- бардык текст боюнча:
"МБИ" аббревиатурасы жана түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү "директор" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "жетекчиси" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
экинчи абзацтагы "бажылардын" деген сөз "бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүктөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. "Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси менен сыйлоо чечими бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан буйрук формасында кабыл алынат.
"Бажы кызматынын чыгааны" төш белгисин тапшыруу бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басары тарабынан салтанаттуу түрдө жүргүзүлөт.";
- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"11."Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин, ишканаларынын жана уюмдарынын кызматкерлери, ошондой эле чет мамлекеттердин өкүлдөрү сыйланбайт.";
Жобонун тиркемесинде:
- он биринчи абзацтагы "же башка адамдардын жарандык көйнөктөрүнүн" деген сөздөр алып салынсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |