Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2014-жылдын 27-январы № 50

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын   31-майындагы № 260 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө” токтомуна төмөнкү  өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

28-баптын 11-пунктунун “а” пунктчасынын жетинчи абзацындагы “300,0” жана “100,0” деген цифралар “200,0” жана “50,0” деген цифраларга тиешелүү  түрдө алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет.

Премьер-министр          

Ж. Сатыбалдиев