Редакцияот 21.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 21-январы № 42

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Курал жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 50-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда жана атайын кызматтарда согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды колдонуунун эрежесинде:

1-пунктунун экинчи абзацы атайын байланыш кызматтарында деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын кызматтарында" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев